География:ТЕҢИЗБАЙ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Алай кырка тоосунда. Дароот (Кызылсуунун оң куймасы) ж-а Кичи Алай (Исфайрамсайдын оң куймасы) сууларынын башынан орун алган. Бийикт. 3627 м. Ашуунун аймагында пермдин башында пайда болгон сиенит, диорит, гранит-диорит интрузия тектери жатат. Мойногу түзөң, капталдары тик эмес, кышында аз убакытка бекип калат. Ашуу илгертен эле Алай м-н Фергананы байланыштырып турган. Мал чарбасында мааниси зор.