География:СӨӨК АШУУСУ
СӨӨК АШУУСУ Ички Теңиртоодо. Арабел ж-а Жогорку Нарын өрөөндөрүнүн аралыгындагы, Сөөк тоосундагы ашуу. Бийикт. 4021 м. Арабелден 350 м, Жогорку Нарындан 700 м бийик. Айланасындагы чокулардан 470 м төмөн жатат. Ашуу палеозойдун составында кум ж-а алевролит катмары кездешкен филлит тектеринен түзүлгөн. Кумтөр алтын кенин казып алууда иштегендерди ж-а малчыларды тейлөөдө ашуунун мааниси зор.