География:САНТАШ АШУУСУ
— төртүнчүлүк мезгилде жон сымал көтөрүлгөн Тасма ж-а Чааржон антиклиналдарынын аралыгындагы белбаскак. Каркыра ж-а Түп өрөөндөрүнүн чегинде. Бийикт. 2120 м.
Айланасындагы өрөөндөрдөн салыштырмалуу бийикт. 120—150 м. Ашуу аркылуу Ысыккөл өрөөнүн Алматы ш. м-н байланыштыруучу авт. жолу өтөт. Ашууда метеорол. станция бар. Аты ашууга жакын жаткан жумуру таш үймөктөрүнө байланыштуу пайда болгон.