География:ӨТМӨК АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Талас Алатоосунун чыгыш бөлүгүндө. Түш. ж-а Түн. Өтмөк өрөөндөрүнүн жабык төрлөрүнүн ортосундагы байыркы түздүктүн калдыктарынын үстүндөгү бел. Бийикт. 3330 м. Суусамыр өрөөнүнөн 500 м, Жогорку Талас ойдуңунан 1100 м көтөрүңкү жатат. Ашуунун түн. капталы тик. Рельефи татаал Үчкошой суусунан баштап, 20 км аралыкка жол байыркы мөңгү таштардын калдыктарын аралап бир нече чукул бурулуштар м-н көтөрүлөт.

Ашуудан өткөн соң 10 км жол терең тилмеленген байыркы мөңгүнүн жантайыңкы тайпак өрөөнүнө өтөт. Негизинен каледондун гранит тектеринен түзүлгөн. Төрлөрдө азыркы касаба мөңгүлөр жокко эсе. Ашуу Талас облусун Чүй, Нарын, Жалалабат облустары м-н байланыштырат.