География:КЫЗЫЛБЕЛ-ЧАР АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ички Теңиртоодо. Нарын кырка тоосу м-н Аламышык тоосунун тутумдашкан жеринде. Нарын өрөөнү м-н Атбашы өрөөнүн байланыштырат. Абс. бийикт. 2295 мден (Кызылбел) 2600 мге (Чар) чейин. Палеогендин кызыл түстүү тоо тектеринен турат. Ашуу Нарын кырка тоосу м-н Аламышык тоосунун ортосунда неотектоникалык кыймылда жогору көтөрүлгөн байыркы өрөөндөн орун алган. Азыр бул быткыл дөңсөөлүү аймак.

Түн. капталы тик ж-а кыска, түш. капталы айдөш ж-а узун. Жайыт ж-а кыштоо катары пайдаланылат. Ашуу аркылуу Бишкек — Торугарт авт. жолу өтөт.