География:КЫЗЫЛАРТ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Чоң Алай тоосунда. Кырг-н ж-а Тажикстандын чек арасында, Кызыларт суусунун батышынан орун алган. Бийикт. 4280 м. Ашуунун бели түзөң, түн. капталы тик, түштүгү жантайыңкы, бара-бара Памирдин тайпак тоолоруна өтөт. Негизинен палеоген м-н неогендин кызыл түстүү чопо, алевролит, кумдук конгломерат тектеринен түзүлгөн.

Жыл бою ачык, ал аркылуу Ош—Хорог авт. жолу өтөт.