География:КУБАКЫ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Кыргыз Алатоосунун чыгышында. Ортотокой, Байдамтал өрөөндөрүнүн чек арасынан орун алган.

Кочкор ж-а Тоң р-ндорунун аймагында. Бийикт. 2350 м. Ашуунун түн. капталы жантайыңкы, түштүгү тигирээк. Девон, карбондун кумдук, конгломерат, сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Ашуу жыл бою ачык, Боом капчыгайынан Ортотокой өрөөнүнө түшкөн авт. жолу (Бишкек – Кочкор төтө жолу) өтөт. Эл чарбасында мааниси чоң.