География:КЕЛТЕБЕК АШУУСУ
Атбашы кырка тоосунда. Каракоюн м-н Аксай өрөөндөрүн байланыштырат. Башкелтебек суусунун башында. Бийикт. 3969 м, Түш. бети ашууга жакын тик, кумайлуу; түн. бети жантайыңкы, бир аз корумдуу. Палеозойдун кумдук ж-а акиташ тектеринен түзүлгөн.
Ашуу май — сентябрь айларында ачылат. Аксай ж-а Чатыркөл өрөөндөрүнө мал ашыры лат.