География:КАЛМАКАШУУ
— Күнгөй Алатоонун батыш бөлүгүндөгү ашуу. Бийикт. 3250 м.
Түн. бети бир кыйла тик, түштүгү жантык. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийикт. 250—300 м. Протерозойдун метаморфизмделген тоо тектеринен турат, палеозойдун граниттери да бар. Ашуу июнь—октябрь айларында ачылат. Белде майда шагыл, беттерде кумай кездешет. Чоң Кемин м-н Ысыккөл өрөөндөрүн байланыштырат.