География:БЕШТАШ АШУУСУ
Талас Алатоосунун түн.-чыгышында, Бешташ өрөөнүндөгү Коргоншанык суусунун оң куймасынын төрүндө жайгашкан. Деңиз деңг. 3578 м бийикте. Шанык (3533 м), Коргоншанык (3425 м) ашуулары катарлаш жатат. Айрым тоо чокулары 3969 м көтөрүңкү. Аймакта рифейдин биотиттүү гранит, гранитдиорит, алардын үстүндө татаал түзүлүштөгү девон-карбон мезгилинде жиреп чыккан андезит, базальт, порфирит интрузиялары, кумдук, конгломерат акиташ тектери жатат. Ашууга 1948—50-ж. Талас ж-а Токтогул р-ндорун байланыштыруучу авт. жолу салынган. Экинчи «кой жол» Түш.
Бешташтын төрүнөн чыгышты көздөй этектеп, Акталаа өрөөнүнүн төрүн басып, 3212 м бийиктиктеги Арым ашуусун ашып, Арым ж-а Чычкан өрөөндөрүнө түшөт.