География:АКБЕЙИТ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Атбашы кырка тоосунун батыш учу м-н Арпанын Алатоосунун аралыгындагы белбаскакта (Карасуу, Орток тоолорунун аралыгында) жайгашкан. Деңиз деңг. бийикт. 3286 м. Ашуудан Орток ж-а Карасуу тоолорунун кырлары 200—240 м, Атбашы тоосунуку 300— 1100 мге көтөрүңкү жатат. Ашууга көтөрүлгөн жол асимметриялуу. Атбашы өрөөнүн Арпа, Аксай өрөөндөрү м-н байланыштырат. Ал аркылуу Бишкек—Торугарт авт. жолу өтөт. Аты ага жакын жердеги күмбөзгө байланыштуу пайда болгон.