География:ТАЛКУШ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Коллектор кырка тоосунун эң бийик жери. Бийикт. 5259 м.

Коллектор ж-а Алай кырка тоолорунун тутумдашкан бөлүгүндө жайгашкан. Анын батыш ж-а чыгыш капталдары мөңгүлүү. Түн. ж-а түш. бөлүктөрү жылаңач, тик аскалуу келип, мөңгүлөр да кездешет. Чоку жайгашкан тоо карбон мезгилиндеги метаморфизмделген сланец, конгломерат, акиташ теги, кумдук тектеринен турат.