География:КАРАКОЛ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Тескей Алатоонун эң бийик жери. Каракол суусунун башында. Каракол ш-нан 48 км түш. тарапта. Бийикт. 5280 м. Пирамида сымал, түн. ж-а түш. тарапка салааланган кырлар кетет. Муздук м-н капталган. Мөңгүлөрү: Каракол, Айланыш, Чыгыш Кичи Борду, Оңтөр, Чоң Борду, Көлтөр. Каракол мөңгүсүнөн Каракол суусу башталат. К. ч-на алгачкы чыккандар: Н. Попов, Г. Белоглазов, В. Рацек, К. Байгазинов (1937-ж. 3-август).