География:ЖЫЛАҢАЧБУГУ ЧОКУСУ
Молдотоонун батыш бөлүгүндө. Тогузторо өрөөнүнүн түндүгүндө. Бийикт. 4100 м. Геоморфологиялык тиби б-ча көп капталдуу пирамида. Негизинен палеозойдун кумдук ж-а сланец тектеринен турат. Айрым жылдары тескейинде кары эрибейт. Чокуга жакын жерден Караталаа, Табылгыты, Манас суулары агып түшөт. Эл арасында чокуга Манастын сөөгү коюлган деген уламыш бар.