География:АЙДАРБЕК ЧОКУСУ
— Алай кырка тоосундагы Текелик тоосунун эң бийик жери.
Көксуу ж-а Текелик (Кызылсуунун оң куймалары) сууларынын башынан орун алган. Бийикт. 5125 м. Чоку девон м-н карбондун калың катмарлуу доломит, кумдук, мрамор тектеринен туруп, конус сымал түзүлүштө. Түн. тарабы тик, жалама беттүү. Альпинизмге ыңгайлуу.