География:ЭЧКИЛИТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Талас өрөөнүнүн түн. батышында, Кыргыз Алатоосунун батыш учуна жарыш жаткан бөксө тоо. Уз. 42 км, туурасы 9 км. Эң бийик чокусу 2162 м (чыгыш бөлүгүндө). Батышты карай 1000 мге чейин жапыздайт. Орт бийикт. 1750 м. Негизинен орто бийиктиктеги тоолор; тереңдиги 100–200 м келген кыска капчыгайлар м-н тилмеленген эрозиялык рельеф мүнөздүү. Э – түндүгүнөн ж-а түштүгүнөн түн.-батышка созулган ири тектон. жаракалар м-н чектелген горст-антиклиналь.

Протерозойдун аягында пайда болгон метаморфизмделген кумдук, сланец, алевролит ж-а кембрийдин башында пайда болгон акиташтуу сланец тоо тектеринен турат. Тоо этектеринде (900–1200 м бийикте) боз топурактуу жарым чөл 1200–1700 м бийикте ачык коңур топурактуу, шыбактуу, көдөө, чий, бетегелүү кургак талаа, 1700 мден жогору кылканактуу талаа алкагы жатат. Түн. бети өсүмдүккө бай, түштүгүнүн көп жери каксоо жылаңач таштактуу, эфемер өсүмдүктөрү басымдуу. Кокту-колоттордо майда бадалдар кезигет.