География:ЧОЛОМО ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Тескей Алатоонун түн. тармагы, Ысыккөлдүн батышында, Тегерек тоосунун түндүгүндө кеңдик багытта созулуп жаткан жапыз тоо. Уз. 20 км, туурасы 4–5 км. Орт. бийикт. 1900–2000 м, эң бийик жери 2286 м. Тоонун батыш бөлүгү тайпак, чыгышы кырдуураак, капталдары Ысыккөл ж-а Доңузкудук өрөөндөрүн карай жантайыңкы. Неогендин конгломерат, кумдук, алевролит, мергель, гипс тектеринен турат. Жарым чөл ж-а кургак талаа (1800 м бийиктикке чейин), андан жогору карагандуу талаа ландшафттар мүнөздүү.

Жайыт. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган жейрен мекендейт.