География:ЧААРАРЧА–БЕШКОНУШ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Алай кырка тоосунун түн. тармагы. Кырккечүү ж-а Талдык сууларынын аралыгында дого сымал меридиан багытында созулуп жатат.

Уз. 28–29 км, туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 2700–2900 м, эң бийик жери 3123 м. Кыры аска-зоокалуу, чыгыш ж-а батыш капталдары тик, түн. бети жантайыңкы. Акиташ теги, кремнийлүү сланец, кумдук ж-а алевролит тектеринен турат. Талаа (1800–1900 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа (1900–2400 м), шалбаалуу токой (2400– 2900 м), субальп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.