География:ҮЧКӨЛ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Борб. Теңиртоодо. Сарыжаз суусунун оң куймалары Үчкөл, Акшыйрак сууларын бөлүп турат. Уз. 50 км, туурасы 12 км. Орт. бийикт. 4220 м, эң бийик чокусу 4384 м. Негизинен палеозойдо пайда болгон акиташ, сланец, чопо ж. б. чөкмө тоо тектерден турат. Аларды порфирит, гранит интрузиялары жиреп чыккан. Тектон. терең жаракалар м-н тилмеленген. Суу боюндагы ойдундарда, өрөөндөрдө неогендин чөкмөлөрү бар. Рельефи б-ча асимметриялык түзүлүштө, түн. капталы тик, түштүгү тайпак. Тоонун түш. (күнгөй) капталы боз топурактуу, шыбак, бетеге, өлөң чөп өсөт. Түн. капталы таштак, чыгыш, түн.-чыгыш тарапка караган беттеринде айгыр жыгар өсөт.