География:ҮКӨК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Тескей Алатоонун батышында. Каракужур м-н Кочкор өрөөндөрүнүн аралыгында 30 кмге созулуп жатат.

Туурасы 20 км. Орт. бийикт. 3970 м, эң бийик жери 4313 м. Тоо Үкөк суусунун башынан Жоонарык капчыгайын карай жапыздайт. Капталдары суу өрөөндөрү м-н тилмеленген. Капчыгайлардын жогорку бөлүгү байыркы мөңгүнүн аракетинен пайда болгон тепши сымал өрөөндөрдөн туруп, мөңгү жамынган тик капталдуу туюк терең төрлөр м-н бүтөт. Ү. т. карбондун тоо тектеринен турат. Неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилинде тектон. жаракалар аркылуу көтөрүлүп, горст-антиклиналдык түзүлүшкө ээ болгон. Ага түш. ж-а түн. капталдарынан 4028–4112 м бийиктеги Каракужур, Кеңбука брахиантиклиналдары биригет. Түн. капталында мөңгү жатат (аянты 15 км2). Кар чегинин бийикт. 3800 м. Ландшафт алкактары: түн. капталында айдоо аянтына айланган ж-а кээ жерлери калың чийлүү шыбактуу-кылканактуу кургак талаа ж-а бетегелүү талаа (1900– 2500 м), сейрек жапалак арчалуу талаа (2500–3000 м), шимүүр талаалуу субальп, талаа, шалбаалуу талаа ж-а калың карагандуу (3000–3500 м) альп шалбаасы (3200– 3500 м), 3500–4500 мден жогору аскалуу кыр жондор, кум шагылдар, мөңгүлөр, кар ж-а фирн талаасы. Түш. капталына шыбак, бетеге, аккылкандуу талаа (2500–3000 м), субальп талаа ж-а альпы шалбаалуу талаа (3000–3700 м) мүнөздүү. Жайыт.