География:ТОРУГАРТ КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ички Теңиртоодо, Фергана тоо тизмегинин түш.-чыгышында. Уз. 64 км, туурасы 20 км. Чыгышты карай жапыздап, бөксө тоого айланат.

Силурдун аягында пайда болгон кумдук, чополуу акиташ теги, сланец ж-а карбондун конгломерат, кумдук, сланец, чопо тектеринен турат. Тоонун кыры дого сымал түштүккө бир аз ийилген. Орт. бийикт. 4500 м, эң бийик жери 5108 м (Музтөр суусунун башы). Тоонун түн. капталы байыркы мөңгүлөрдүн тепши сымал өрөөндөрү м-н тилмеленип, этегинде мореналардын калдыктары жатат. Мөңгүлөрү негизинен Музтөрдүн алабында жайгашкан. Түн. капталында 3600 м бийиктиктен жогору жапыз өскөн субальп ж-а альп өсүмдүктөрү өсөт. Түш. капталы каксоо келет.