География:ТОКСОНКЕМПИР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

, Ө з г ө н т о о с у – Фергана тоо тизмегинин бир тармагы. Жазы, Каракулжа–Мырзаке өрөөндөрү м-н чектешип, кеңдик багытта 56 кмдей созулуп жатат. Орт. бийикт. 3500 м, эң бийик жери 4381 м. Палеозойдун акиташ теги, сланец, мезозойдун кум-чополуу конгломерат тектеринен турат. Т. т-на рельефтин альп тибинен адырларга чейинки төрлөрү мүнөздүү. Кыры тайпак, капталдары жазы, асимметриялык түзүлүштө. Тектон. структурасына жараша батыштан чыгышты карай үч зонага бөлүнөт: төмөнкү (Ничке тоосу), ортоңку (Токсонкемпир тоосу) ж-а жогорку (Сурташ). Негизинен талаа (1500–2000 м), токой (2500–3200 м), субальп, альпы шалбаа (3000–4000 м) ландшафты басымдуу. Чөп чабынды, жайыт катары пайдаланылат.