География:ТЕРС ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Батыш Теңиртоодо. Т ерс ж-а Чаткал сууларынын аралыгында түш.батыштан түн.-чыгышка 30 кмге созулуп жатат. Туурасы 13–15 км. Орт. бийикт. 3000– 3300 м, эң бийик жери 3890 м. Кыры асказоокалуу; Чаткал өрөөнүнө караган түн. капталы жантайыңкы, Терс суусу жагы тик, аскалуу келип, өрөөн капчыгайлуу. Негизинен карбондун майда ж-а орточо кристаллдуу гранит, гранит-диорит ж-а гранитсиенит интрузия тектеринен турат. Талаа ж-а шалбаалуу талаа (2300 м бийиктикке чейин), шалбаа-токойлуу бадал (2300–2800 м), бийик чөптүү шалбаа (2800–3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы, гляциалдык-нивалдык ландшафттар мүнөздүү. Жайыт.