География:СУУСАМЫР КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ички Теңиртоодо. Суусамыр ж-а Кетментөбө өрөөндөрүн бөлүп турат. Алабел ашуусунан (батышта) Көкөмерен капчыгайына чейин (чыгышта) кеңдик багытта 126 кмге созулуп жатат. Эң жазы жери 31 км. Орт. бийикт.

3500 м, эң бийик жери 4048 м. Чыгыш бөлүгү Сарыкамыш деп аталат. Тескей тарабы кыска, айдөш түздүктүү, түш. капталы жазы, этеги бөксө чаптуу. Көкөмерен тушта тик, зоокалуу. Капталдары суу өрөөндөрү м-н тилмеленип, айрымдары терең, кууш капчыгайга айланган (Чычкан, Толук ж.б.). С. к. т-нун басымдуу бөлүгүн каледон бүктөлүүсүнүн ар кандай этабында жиреп чыккан интрузия тектери (габбро, диорит, гранит ж. б.) түзөт. Алар жүздөгөн км2 аянтка таралган. Айрым бөлүктөрү кембрийге чейинки, кембрий ж-а ордовик мезгилдеринин гнейс, кристаллдуу сланец, кумдук, акиташ теги, туф тектеринен турат. Тоо аралык ойдуңдарында ж-а суу өрөөндөрүндө антропоген мезгилинин чөкмөлөрү бар. Ири тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Мөңгүлөрдүн жалпы аянты 25 км2ге жакын. Байыркы мөңгүлөрдүн издери бар. Ландшафты бийиктик б-ча өзгөрөт Түн. капталына бетеге-шыбактуу кургак талаа (2200 мге чейин), талаа ж-а шалбаалуу талаа (2500– 2600 мге чейин), субальп (3200 мге чейин), альп шалбаасы (3200 мден жогору), түштүгүнө жарым чөл (1200 мге чейин), талаа, шалбаалуу талаа (1200–2200 м), 3000 мге чейин бийик чөптүү шалбаа, андан жогору субальп ж-а альп шалбаасы, 3700–3800 мден жогору гляциалдык-нивалдык зона мүнөздүү. Жайыт.