География:СУЛУУ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Пскем кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагы. Каракорум ж-а Жартысуу (Чаткалдын оң куймалары) сууларынын аралыгында. Түн.-батыштан түш.чыгышка карай 26–27 кмге созулуп жатат.

Туурасы 5 км. Орт. бийикт. 2800–3300 м. Эң бийик жери 4025 м (Аюутөр чокусу). Тоонун кыры түн.- батышында тик аска-зоокалуу, жапыздаган сайын тайпак тартып кетет. Капталдары тик, жарлуу, кокту-колоттор аз. Тоо карбондун битумдуу ж-а доломиттешкен акиташ теги, кремний катмарынан, түш.-чыгышы (жапыз) палеоген-неогендин боз, бозомтук конгломерат, кумдук, алевролит, мергель тектеринен турат. Талаа ж-а шалбаалуу талаа (2200–2300 м), шалбаабадалдуу токой (2300–2900 м), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.