География:СУЛАЙМАН ТООСУ
(мурдагы Б е р а к у х ) Ош ш-нын так ортосунда. Акбуура суусунун сол жээгинен орун алган. Уз. 3 км туурасы 1,5–2 км, деңиз деңг. бийикт. 1176 м.
Салыштырмалуу бийикт. 300–350 м. Палеозойдун акиташ тектеринен турат. Капталдары тик, аскалуу. Этегинде ж-а курчап турган түздүктөрүндө төртүнчүлүк мезгилдин борпоң тектери жатат. Тоо капталдарына майда бадал аралаш жарым чөл ландшафты мүнөздүү. С. т-нун чыгыш ж-а батыш тараптарында анчалык бийик эмес калдык тоолор (Ортотоо, Чилмайрам, Чилустун ж. б.) жайгашкан. С. т. Өзгөн канынын вазири Султан Мази Сулаймандын (15-к-дын башы) ысмынан аталган. Вазир С. т-н жайкы резиденциясына айландырган. Жерг. эл ж-а четтен келгендер тоого чыгышып, жөн гана сейилдешкен. Эл көп каттагандыгынан пайдаланып, дин кызматкерлери тоону тотемдик даражага жеткиришип, ислам динин таратуучу майданга (аренага) айландырышкан. Дин кызматкерлери Сулайман пайгамбардын тактысынын табылгандыгы жөнүндө сөз таратышкан. Өзгөн вазири Сулайман пайгамбарга, ал эми анын эс алуучу жайы Сулайман тактысына айланып, «ыйык» даңкка ээ болгон. З. Бобур тоого эс алып олтура турган жай (Кужура) курдурган. Азыр чокусуна түтүк м-н суу чыгарылып, айланасына бак-дарак тигилип, жашылдандырылып, эмгекчилердин эс алуучу жайына айланды. Боорунан үңкүр казылган. Түш. Кырг-ндын тарыхы м-н тааныштыруучу бир нече залдан турган өзүнчө оригиналдуу музей жайгаштырылды. С. т. 1972-жылдан геол. заказник.