География:САРЫЖОН ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
–Талас Алатоосунун түн. тармагы. Үрмарал ж-а Каракайың сууларынын аралыгында түш.-чыгыштан түн.-батышты карай 30 кмге созулуп жатат.

Орт. бийикт. 2500 м, эң бийик жери 3260 м. Тоонун жону тайпак келип, байыркы түздүктөр кездешет. Талас Алатоосун карай бийиктейт, капталдары кыска, суу өрөөндөрүн карай жантайыңкы түшөт. Негизинен жогорку рифейдин 1500 мге чейинки калыңдыктагы кумдук, алевролит, чополуу ж-а акиташтуу сланец, акиташ тектеринен турат. Бадал-арча аралашкан шалбаалуу талаа, чыгыш бөлүгүнүн 3000 мден жогору жаткан айрым жерлерине субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт; тоо этегинин айрым жерлери чабынды.