География:САЙМАЛЫТАШ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш тармагы. Көгарт (чыгыш) ж-а Кылдай сууларынын (Нарындын сол куймалары) аралыгында түш.батыштан түн.-чыгышка 30 кмге чейин дого сымал созулат. Туурасы 3–4 км. Орт. бийикт. 2200–2400 м, эң бийик жери 3400 м.

Кыры аска-зоокалуу, капталдары кыска, негизинен тик, кокту-колоттор кездешет. С. т-нда ташка чийилген оймо-чиймелер ж-а сүрөттөр бар. Төмөнкү карбондун акиташ теги, доломит, кумдук, конгломерат, гипс тоо тектеринен турат. Шалбаалуу талаа ж-а шалбаа (2400–2500 м бийиктикке чейин), андан жогору токой шалбаалуу талаа ландшафттары таралган. Жайыт.