География:ОЙАЛМА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Атойнок кырка тоосунун түш. тармагы. Ойалма суусунун (Нарындын оң куймасы) алабынан орун алган. Дого сымал түндүктөн түштүккө карай 25 кмдей созулуп жатат. Туурасы 5–6 км.

Орт. бийикт. 3100–3300 м, эң бийик жери 3502 м. Кыры аска-зоолуу, капталдары кокту-колоттуу. Бийик түн. бөлүгү силурдун чополуу ж-а көмүрлүү сланец, кумдук, туф, жапыз бөлүгү карбондун метаморфизмделген акиташ, мрамор тектеринен түзүлгөн. Кургак талаа ж-а талаа (1500– 1600 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а токойлуу шалбаа (1600–2600 м), бийик чөптүү шалбаа (2600–2900 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.