География:НАРЫН КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ички Теңиртоодо, Атбашы өрөөнү м-н Нарын өрөөнүнүн ортосунда жайгашкан. Уз. 120 км, туурасы 18 км, орт. бийикт 4200 м, эң бийик жери 4499 м (Ортоача чокусу). Батыш кыры жапыз, томпок сымал, капталдарында жайдак түзөңдөр бар; орто бөлүгү тик, кууш капчыгайлар көп. Чыгыш тарабы кырдуу, бийик; байыркы муздардын издери ж-а   азыркы мөңгүлөр бар. Түн. капталдары тик, аскалуу, түштүгү жантайыңкы. Н. к. т. геол. жактан Ортоңку Теңиртоого кирип, түш.-чыгыш тарабынан Атбашы – Эңилчек тектон. жаракасы м-н чектелет. Ортоңку бөлүгү Чоң Нарын антиклинорийинин батыш канатын түзөт. Н. к. т-нун ортоңку ж-а чыгыш бөлүгү ар түрдүү терриген тоо тектеринен, сланецтерден, кварциттен, акиташ тегинен ж-а аларды жиреп чыккан гранит м-н диориттен турат. Батыш бөлүгү палеозойдун ортосунда ж-а аягында пайда болгон тектерден түзүлгөн. Тоо аралык ойдуңдарда төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрү бар. Тоодогу мөңгүлөрдүн жалпы аянты 69,1 км2. Ландшафты бийиктеген сайын өзгөрөт. Түн. капталдарында карагайлуу токой (2600–3000 м бийиктикте), субальп шимүүрлүү шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (3000–3200 м), альп шалбаасы (3200–3500 м); түш. капталдарында бетегелүү бийик тоо талаасы (2600–3000 м), карагайлуу токой (Бороондуу, Ачакайыңды, Улан ж. б. капчыгайларда; 2800–3000 м бийикте), субальп шалбаасы, шалбаалуу талаа, арча токою (3000–3200 м), доңуз сырттуу шалбаа (3200– 3500 м), гляциалдык-нивалдык ландшафттар (3600 мден жогору) мүнөздүү.