География:МОМУТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Академик Адышев кырка тоосунун түн.-чыгыш тармагы. Тоңзоо ж-а Акбогуз сууларынын (Тардын сол куймалары) аралыгында кеңдик багытында 20– 23 кмге созулат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт.

3000–3300 м, эң бийик жери 3765 м. Тоонун кыры аска-зоокалуу, капталдары кыска ж-а тик, капчыгайлуу. Тоо чыгышка карай кууштап, кокту-колоттор көп кездешет. Карбондун кумдук, сланец, гравелит, акиташ тектеринен түзүлгөн. Негизинен шалбаалуу талаа м-н аралашкан сейрек арча токою (2600–2700 м бийиктикке чейин) альп, субальп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа ландшафт алкактары басымдуу. Жайкы жайыт.