География:МИҢТЕКЕ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИҢТЕКЕ ТООСУ Түркстан кырка тоосунун түн. тарабында меридиан багытында 20 кмге чейин созулуп жатат. Туурасы 6–7 км. Баткен р-нун аймагында. Батышынан Тамынген, чыгышынан Миңтеке суулары (Каравшиндин оң куймалары) м-н чектешет. Орт. бийикт. 4000–4100 м, эң бийик жери Гранит чокусу (5278 м). Тоо түндүктөн түштүккө карай бийиктейт; Түркстан кырка тоосуна тутумдашкан жери аска-зоокалуу келип, мөңгүлөр бар. Капталдары тик, терең тилмеленген. Байыркы мөңгүнүн издери (морена, тепши сымал өрөөндөр ж. б.) кездешет. Тоо сланец, конгломерат, акиташ ж. б. тектеринен турат. Капталдарына арча, бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2900 м бийиктикке чейин), субальп ж-а альп талаасы (3300 мге чейин), андан жогору нивалдыкгляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.