География:КЫРККАРАКЧЫ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Исфана өрөөнүнүн түндүгүндө кеңдик багытта 22 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Орт. бийикт.

1800–1900 м, эң бийик жери 2272 м. Тоонун кыры тайпаң, анда-санда жардуу чокулар кездешет. Капталдары жантайыңкы, кокту-колоттору аз. Палеогендин чопо, алевролит, кумдук, акиташ теги, доломит ж-а гипс тектеринен турат. Көмүр кени бар. Тоонун ландшафттары негизинен кургакчыл келип, чөл, жарым чөл, кургак талаа ж-а талаадан турат. Чөп чабынды, жайыт катары пайдаланылат; кайрак эгин айдалат.