География:КЫЗЫЛОМПОЛ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ички Теңиртоодо. Кыргыз Алатоосунун чыгыш уландысы.

Ысыккөл өрөөнүнүн батышында. Уз. 20 км, туурасы 13 км. Орт. бийикт. 2950 м, эң бийик жери 3183 м. Негизинен палеозойдун сиенит, гранит-сиенит, гранит ж. б. тектеринен турат. Кырында байыркы денудациялык түздүктөр кездешет. Капталдарынын тиктиги 25–38°, коо-колоттуу. Батышы улам жапыздап, Кубакынын белине өтөт, чыгышы Ысыккөл ойдуңуна чөгүп кетет. Кургак талаа (түн.), жарым чөл (түш.) ж-а талаа (батыш) ландшафттары басымдуу.