География:КӨРПӨТОО
Ички Теңиртоодо. Аксай өрөөнүнүн түштүгүндө. Атбашы р-нун аймагында. Какшаал тоо тизмегинин батышынан орун алып, меридиан багытында дого сымал 36 кмге созулат. Туурасы 18 км.
Орт. бийикт. 4200 м, эң бийик жери 4552 м. Тоонун суу бөлгүчү Аксай өрөөнүнүн таманынан 800–1000 мге көтөрүлүп жатат. Кыры кумпа сымал, ортосун карай бийиктеп, жыл бою кар м-н мөңгү каптап жатат. Мөңгүнүн жалпы аянты 25 км2. Батыш капталы жазыраак келип, Аксай өрөөнүнө жантайып түшөт. Чыгышы кыска, Корумду өрөөнүн карай тик. Ашуулары: Кичи (3630 м) ж-а Чоң Сарыбелес (4020 м), Түз. ашуу (3590 м) ж. б. Тоодон Аксайдын оң куймалары агып түшөт. Карбон м-н девондун кумдук, сланец, кремний, конгломерат, акиташ тектеринен туруп, кеңдик багытындагы тектон. жаракалар м-н тилмеленген. 3900 м бийиктикке чейин субальп, альп шалбаасы, шалбаалуу талаа, субнивалдык суук чөл, андан жогору нивалдык-гляциалдык тилке ээлейт. Жайыт.