География:КӨКЧӨТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Түркстан кырка тоосунун түн. тармагы. Сумбула суусунун чыгышында, Исфана өрөөнүнүн түштүгүндө кеңдик багытта 21 кмге созулуп жатат. Туурасы 6 км.

Орт. бийикт. 2200–2400 м, эң бийик жери 2583 м. Жону тайпак, капталдары аскалуу; кокту-колоттуу, жарлары бар. Девон, карбон ж-а силурдун кумдук, алевролит, сланец ж-а конгломерат тектеринен турат. Көмүрдүн кени бар. Жарым чөл, кургак талаа ж-а талаа ландшафттары мүнөздүү; арча токою кездешет. Чарбачылыкта чөп чабынды, жайыт катары пайдаланылат.