География:КӨКОЙРОК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Түн. Теңиртоодо. Иле Алатоосунун түш. тармагы. Кашкасуу ж-а Чоң Кемин сууларынын аралыгында түн.чыгыштан түш.-батышка карай 21 кмге созулат. Орт. бийикт. 3000–3500 м, эң бийик жери 4202 м. Тоонун кыры аска-зоокалуу, мөңгүлөр бар. Капталдары негизинен тик, кокту-колоттуу. Протерозойдун башталышында пайда болгон татаал бүктөлүүлөргө дуушарланган гнейс, мигматит, слюдалуу ж-а графиттешкен сланецтер, кварцит, мрамор тектеринен туруп, гранит, аляскит, жегичтүү гранит интрузиялары жиреп чыккан.

Талаа ж-а шалбаалуу талаа (1800 м бийиктикке чейин), бадалдуу шалбаа (1800– 2800 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы (3300–3400 мге чейин), андан жогору нивалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.