География:КӨКБУЛАК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Алай кырка тоосунун түн. тармагы. Кичи Бүлөлү ж-а Эркеч сууларынын (Куршабдын оң куймалары) аралыгында түш.-чыгыштан түн.-батышка 22 кмге созулуп жатат. Туурасы 7 км. Орт. бийикт. 3500–3700 м, эң бийик жери 4039м.

Кыры аска-зоокалуу, батышты карай жапыздайт; капталдары кыска ж-а тик, терең капчыгайлары бар. Тоо силур-девондун базальттуу порфирит, диабаз, туф, кумдук ж-а сланец тектеринен турат. Шалбаалуу субальп ж-а альп талаа (3100–3700 м бийиктикке чейин) ландшафты басымдуу. Бийик бөлүгүндө гляциалдык-нивалдык ландшафт кездешет. Жайкы жайыт.