География:КОЧКОРДӨБӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш тармагы. Кетментөбө өрөөнүнүн түштүгүнөн орун алган. Батыштан чыгышка карай кеңдик багытта ийилип жатат. Уз. 21 км, туурасы 6 км. Орт. бийикт. 1700–1800 м, эң бийик жери 2534 м. Тоонун суу бөлгүчү түзөң ж-а тайпак. Тоо капталдары жантайыңкы (20–30°). Неогендин боз түстүү конгломерат, кумдук тектеринен түзүлгөн. Эфемершыбактуу жарым чөл, бийик чөптүү талаа ландшафттары басымдуу. Чарбачылыкта чабынды, жайыт катары пайдаланылат.