География:КЕҢКОЛ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Фергана тоо тизмегинде, Исфанжайлоо тоосунун чыгышында.

Карүңкүр ж-а Карасуу (чыгыш) сууларынын алабында жайгашкан. Базаркоргон р-нун аймагында. Түн.-батыштан түш.чыгышка карай 26 кмге созулат. Туурасы 5 км. Орт. бийикт. 3400 м, эң бийик жери 3754 м. Тоонун түн. капталы кыска, Карасуу (чыгыш) өрөөнүнө кыска кокту-колоттор м-н тик түшөт. Түш. капталы жазыраак келип, чыгыш тарабында гана тик, терең өрөөн, капчыгайлуу. Кыры батышында тайпак, чыгышында аска, мөңгүлүү. Тоо силур м-н девондун туф, порфирит, сланец, акиташ тектеринен турат. Түш. капталына (3000 м бийиктикке чейин) жаңгак-жемиш токойлуу шалбаа, түндүгүнө шалбаалуу талаа ж-а бийик чөптүү шалбаа, 3500 мге чейин субальп ж-а альп шалбаасы, андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт, айрым жерлери чабынды.