География:КАРАТУМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Алайкуу өрөөнүндөгү тоо.

Түндүгүнөн Карабел ашуусу, түштүгүнөн Атжайлоо тоосу, батышынан Кичи Каратума өрөөнү, чыгышынан Чоңказык өрөөнү м-н чектешет. Түн.-батышынан түш.-чыгышты карай 9 кмге созулат. Басымдуу бийикт. 4000 мден ашык. Тоонун дал ортосунан Каратума чокусу (4426,3 м) орун алган. Тоо палеозойдун кумдук, сланец, акиташ тектеринен турат. Рельефи асказоокалуу ж-а кокту-колоттуу. Капталдары өтө тик. Кырында байыркы денудациялык түздүктөр сакталган. Чокуларында чакан мөңгүлөр бар. Батышынан Кичи Каратума, түш.-чыгышынан Чоң Каратума суулары башталат. Капталынын төмөнкү бөлүгүндө бадалдуу субальп, андан жогору альп шалбаасы, нивалдык-гляциалдык ландшафттар мүнөздүү.