География:КАРАКУЖУР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Тескей Алатоонун түш.-батыш тармагы. Белче ж-а Үкөк сууларынын (Каракужурдун оң куймалары) ортосунда дого сымал 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Орт. бийикт. 3800 м, эң бийик жери 4211 м (Корго чокусу). Тоонун кыры тик, аскалуу, түн.-чыгышы мөңгүлүү.

Түш. капталы Каракужур өрөөнүнө карай жантайыңкы ж-а батыш капталдары кыска, Белче суусуна тик түшөт. Жарым чөл ж-а кургак талаа (2500 мге чейин), бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2500–3000 м), субальп ж-а альп шалбаалуу талаа (3000–3500 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.