География:КАРАГАТТЫ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Кочкор өрөөнүнүн түштүгүндө кеңдик багытта созулуп жатат.

Төлөк, Чалай, Жоонарык (Кочкордун оң куймалары) сууларынын алабында. Уз. 24 км, туурасы 7 км. Орт. бийикт. 3600 м, эң бийик жери 3805 м. Кыры негизинен тайпак, тик аскалар жокко эсе. Капталдары түштүгүндө кыска кокту-колоттуу, түндүгүндө Кочкор өрөөнүнө карай жантайыңкы. Түн.-чыгышында кокту-колоттору жарлуу келип, Жоонарык өрөөнүнө тик түшөт. Сланец, туф, порфирит, мраморлошкон акиташ, доломит тектеринен турат. Аларды айрым жерлерде гранит, гранит-диорит интрузия тектери жиреп чыккан. Бетеге-шыбактуу кургак талаа ж-а талаа (2900 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалуу талаа (2900– 3500 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт зоналары мүнөздүү. Жайыт; чабынды жерлери да бар. Тоонун Чалай ж.б. ашуулары аркылуу жайкы жайыттарга (Соңкөл, Төлөк) мал ашырылат.