География:КАРАБЕЛ (УЙГУМ) ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Фергана тоо тизмегинин түш. тармагы. Кулун ж-а Каракулжа өрөөндөрүнүн аралыгында Уйгум, Кулун ж-а Карабел тоолорунан турат.

Уз. 25 км. Орт. бийикт. 2800 м, эң бийик жери 4939 м (Үчсейит чокусу). Капталдары жантайыңкы; байыркы тайпак жондор, өрөөндөрү м-н жондордо байыркы мореналар кездешет. Тик капчыгайлар, жер көчкүлөр, бийик жарлар да бар. Палеозойдун акиташ теги, сланец, мезозойдун конгломерат тектеринен турат. Мөңгүлөр (Үчсейит, Карабел ж. б.) бар. Негизинен токой, субальп ж-а альп шалбаалары мүнөздүү.