География:КАЛБАТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Талас Алатоосунун түн. тармагы. Бешташ ж-а Калба сууларынын (Таластын сол куймалары) аралыгында, түштүктөн түндүккө карай 29 кмге созулуп жатат. Туурасы 14 км. Орт. бийикт.

3400 м, эң бийик жери 4146 м (Атчыкпас чокусу). Тоо тик аскалуу, айрым жерлери мөңгүлүү, батыш ж-а чыгыш капталдары тик, түндүгү адырлуу жапыз тоолорго өтүп, Талас өрөөнүн карай жантайыңкы. Талаа (2200 мге чейин), шалбаалуу талаа (2200–2400 м), шалбаа ж-а токой-бадалдуу шалбаа (2400–3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3000– 3600 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Көк карагайлуу (пихта) токойлордун ири массивдери бар. Чарбада жайыт, чабынды катары пайдаланылат.