География:КАДОО ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Карүңкүр ж-а Карабулак, Актерек сууларынын (Көгарттын оң куймалары) аралыгында түн.-чыгыштан түш.-батышка карай 20 кмге созулуп жатат.

Туурасы 6 км. Орт. бийикт. 1900–2000 м, эң бийик жери 2173 м. Кыры тайпак, капталдары жантайыңкы, кокту-колоттор, капчыгайлар да кездешет. Негизинен бор мезгилинин кызыл түстүү кумдук, конгломерат, гравелит, алевролит, чопо ж-а акиташ тектеринен турат. Ландшафты негизинен кургакчыл келип, мисте бадалдуу кургак талаа ж-а талаа алкактары басымдуу. Кайрак эгин айдоодо, чабынды, жайыт катары пайдаланылат.