География:ЖЫЛАНДЫТОО
– Алай кырка тоосунун түн. тармагы. Чөгөм ж-а Кичи Алай (Акбууранын сол куймалары) сууларынын аралыгында кеңдик багытта 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Орт. бийикт.
4300–4400 м, эң бийик жери 4600 м. Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлүү, түш. капталы кыска ж-а тик, түндүгү жантайыңкыраак, майда кокту-колоттор бар. Карбондун кумдук, сланец, алевролит, акиташтуу конгломерат, гравелит ж. б. тектерден турат. Шалбаалуу талаа (2800 мге чейин), бадалдуу токой (арча; 2900–3100 м), субальп ж-а альп шалбаалуу талаа (3100–3400 м) ландшафттары, о. эле бийик тоолуу субнивалдык жылаңач чөл да мүнөздүү. Жайыт.