География:ЖЕТИСАНДАЛ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Чандалаш тоосунун орто бөлүгүндөгү тармагы. Кайың ж-а Сарыкол (Чаткал суусунун оң куймалары) сууларынын алабында жайгашкан. Чаткал р-нун аймагында. Уз. 25–27 км, туурасы 4–5 км. Орт. бийикт. 3300–3600 м, эң бийик жери 3969 м. Тоонун түш.-чыгыш капталы Чаткал өрөөнүн көздөй тик түшүп, кокту-колоттуу. Кыры аскалуу, мөңгүлөрү жок. Карбондун акиташ, конгломерат, доломиттүү акиташ тектеринен турат. Ландшафтына талаа жа шалбаалуу талаа (2500–2600 мге чейин), шалбаа бадалдуу токой (2500–2900 м), субальп, альп шалбаасы ж-а шалбаа талаа (2900– 3500 м), андан жогору зоокалар мүнөздүү. Жайыт.