География:ЖЕТИМ КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ички Теңиртоодо, Чоң Нарын ж-а Кичи Нарын сууларынын аралыгында жайгашкан. Жаманечки өрөөнүнүн Кичи Нарын капчыгайына чейин кеңдик багытта созулуп жатат. Уз. 120 км, туурасы 24 км.Орт. бийикт. 4280 м, эң бийик жери 4931 м. Ж. к. т. Ортоңку Теңиртоого кирүүчү Чоң Нарын антиклинорийинин батыш капталында өзүнчө мегантиклиналды түзөт. Тоонун батышы ордовик-девондун бозомтук жашыл кумдук, катмарлуу сланец, конгломерат; ортоңку бөлүгү протерозойдун кристаллдык акиташ теги, гнейс, кварцит, порфирит, диабаз, туф; чыгышы мраморлуу ж-а доломиттүү акиташ, графиттүү филлит ж. б. тектерден түзүлгөн. Айрым жерлеринде палеозойдун башталышы м-н ортосунда пайда болгон чөкмө тоо тектердин катмарлары, түн. капталында палеогеннеогендин, өрөөндөрдө төртүнчүлүк мезгилдин борпоң чөкмөлөрү орун алган. Ж. к. т-нун аймагында темир (Жетимтоо кени), марганец (Арчалы кени, Жакболот кени), ванадий, молибден, вольфрам ж-а курулуш материалдарынын кендери бар. Нарын жак күнгөй бети тик, кээде аскалуу, чыгыш бөлүгүндө мөңгүлөр бар (жалпы аянты 120 км2, тоо ээлеген аймактын 11%). Алар негизинен түн. (тескей) бетте, каптал өрөөндөрүнүн башында, айрымдарынын уз. 5–6 км. Ж. к. т-нун ландшафттары ар түрдүү. Терең, кооз капчыгайларда (Жакболот, Атжайлоо, Талдысуу, Молдобашы, Күрмөнтү ж. б.) карагай, түркүн чөптүү шалбаа өсөт. Карагайлуу чер токой, айрыкча Чоң Нарынга караган бетинде Кеңсаз, Жакболот капчыгайларынын бир кыйла жерин ээлейт. Күнөстүү беттерге бетеге, дүйүм чөптүү шалбаалуу талаа ландшафты мүнөздүү. Тоонун тескей капталдарында өлөң чөптүү, төө куйрук аралаш өскөн субальп шалбаасы, жогору жагында альп шалбаасы, 3800–3900 мден жогору гляциалдык-нивалдык алкак жатат. Жайыт.

С. Байгуттиев