География:БУРАКАН ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Тескей Алатоонун түн. тармагы, Аксуу ж-а Жергес сууларынын аралыгында. Түн.- түн.-чыгыштан түш.түш.-батышка 23–25 кмге дого сымал созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт.

3500–4000 м, эң бийик жери 4716 м (Таштанбектөрбашы чокусу). Тоонун кыры асказоокалуу, ири мөңгүлөр бар. Капталдары тик, терең капчыгайлар ж-а кокту-колоттор көп. Тоонун түш. (бийик) бөлүгү төмөнкү рифейдин габбро-диорит, түн. (жапыз) бөлүгү ордовиктин гранит, гранит-диорит интрузия тектеринен түзүлгөн. Шалбаалуу талаа (1200–2300 м бийиктикте), бийик чөптүү шалбаалуу карагай токою (2300– 3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3000–3300 м), андан жогору субнивалдык ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.